ВИДЕО: Ак үйгө түкүргөн Рамис кайрадан видео тасмада сүйлөдү

Бүгүнкү күндүн каарманы болгон “түкүргүч” жигиттин өздүгү такталды. Аты-жөнү Закирияев Рамис Саламатович. 1992-жылы 4-мартта туулган. Улуту кыргыз. Так ушул таптарда сурактан кийинки видео тасмасы тарады.

Видео тасмада, ага эч ким «түкүр» деп буйрук бербегендиги жана негизги чечим Бишкектен чыгарын айткан.

Белгилей кетсек, Закирияев Рамис  Ак үйдүн тосмосунан ашыра түкүрүп, бийликке нааразычылыгын билдирген.

Ал: «Мамлекет башчылары чыгарган мыйзамдар кыргыз мамлекетин оңдой турган болсо, мен дагы өзүмдүн салымымды кошкум келип жатат»,- деп кайрылган.

Ошондой эле ал өзү түзгөн сценарийдин соңунда 5 500 (беш миң беш жүз) сомун санап, тийиштүү органдарга «Айып пулуңарды келип алып кеткиле»,- деп айткан.

Белгилей кетсек, 1-январдан тарта Эреже бузуу жөнүндөгү кодекс иштей баштаган. Ага ылайык, көчөдө түкүргөндөргө карата 5 500 сом айып салынат.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу