Видео — “АкҮйкатчыкка” шайланган Токтогүчүк Мамытов

Эксперттер чекисти Акыйкатчы жогорку кызмат ордуна дайындоо, жарандардын парламентке болгон ишенимин кетирди,- деп эсептешүүдө. Кыргызстандын омбудсмени кызматына генерал Токон Мамытовдун дайындалышы коомчулуктун ар түрдүү кабыл алуусун жаратты.

Кечээ, 26-октябрда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы болуп, Токтогүчүк Мамытовдун дайындалуусу, айрым эл экүлдөрүнүн кыжырына тийди.

Депутат, Жанар Акаев – Акыйкатчыны шайлагандан кийин элдин Парламентке болгон ишеними төмөндөп калды деп эсептейт.

Ал эми депутат Алмамбет Шыкмаматов болсо, Токон Мамытовду татыктуу Акыйкатчы боло албайт деген оюн айтты.

Жогорку Кеңештин жыйынында Омбудсмендикке талапкерлер өздөрүнүнүн негизги пландарынан кыскача баяндап беришти.

Бүгүн, Кыргызстандын аксакал Акыйкатчысы, таза иштээрин айтып ант берди.

“Акыйкатчы кызматына мени шайлап, ишеним көрсөткөнүңөр үчүн ыраазычылыгым билдирем. Кыргызстанда акыйкатуулук орноп, акыйкаттуулук сакталсын” – деди Мамытов.

Булак: Govori.tv

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу