ВИДЕО — Айчүрөк Иманалиеванын уулу Расул Маматкуловдун баласыбы?

Кыргызстандын маданият чөйрөсүндө “уу-дуу” кептер тынымсыз тарап, алардын арасында дагы ар кандай сөздөр менен пикир келишпестиктер болуп турганы NazarNews.kg маалымат агенттигине тынымсыз жетип турат. Ошондой эле маданият чөйрөсүндө акыркы күндөрү негизги жаңылыктары “ажырашып кетти” жана “клип тартты” деген эле сөздөр болбосо, көпчүлүгү музыка жаатында чоң жаңылык жарата элек.

Баса, так ушул маданият чөйрөсүндө имиш-миштерге узун кулактардын жеткирген маалыматына таянсак төбөсү көрүнгөн ырчылардын бири Айчүрөк Иманалиеванын улуу баласы Аргенди, “Ош-Бишкек жолундагы ашыктыгын ачыкка чыгарып, кокон гиласын тамшанта созгон, от болуп, чок болуп, чачты буралта артка серпип ырдаган, бакыраң көз агабыз Расул Маматкуловдун уулу экен” деген сөздөр чагылгандай тарады.

Азырынча эки тарап бул сөздү жымыйып гана тамаша иретинде кабыл алып ачыкка чыгарган эмес. Айтор Жеңишбек акын, “Кытайга жолукканча мага бир жолук” деп ырдагандай, атактуу ырчы эжебиз Айчүрөк менен Расул агабыздын ортосунда сезимдер чын эле мурда болду бекен деген ой кетет…

Кандай болгон күндө дагы “Расул Маматкуловдун чыгаан уулу бар экен” деген сөздөр коомчулукка жайылды. Азырынча айтылган бирок такталбаган сөздөрдү уккан атактуу ырчылар актанабы же агынан жарылабы кыскасы баардык тараптын үнүн укканга даярбыз!

Кантсе дагы эки атактуу «80-ых» бири роза гүлдүн арасында ырдап, бири чок болуп аткандагы сезимдерин айтаар.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу