Видео: Азимбек Бекназаров: “Атамбаевдин жанында учурда 4 адам эмес 2 ити жок”

Кечээ, 10-декабрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кезектеги маегин берип, өзүнүн жеке телеканалы аркылуу мурдагы катачылыгын айтып, элден кечирим сурап, саясаттагы сатылган досторун эскерип, өзүнүн бийлиги учурундагы достору сатып кеткендигин жар салды.

Атамбаевдин мурдагы үзөңгүлөш досу атактуу саясатчылардын алдыңкы катарында турган Азимбек Бекназаров экс-президенттин айткан сөздөрүнө жылмайып,  “Атамбаевдин жанында учурда 4 адам турмак 2 ити жок. Ал азыр күлүмүш болгону менен ичи күл болуп турат”, — деди.

Эске сала кетсек, Азимбек Бекназаров учурда ден соолугуна байланыштуу учурда ооруканада.

Төмөнкү тасмада Азимбек Бекназаровдун кызыктуу маеги толугу менен:

https://youtube.com/watch?v=OYO3x5bcn_g

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу