«Вечерний Бишкек» басма үйү боюнча кылмыш иши козголду

«Келме кезек, терме тезек» дегендей эле көрүнүш орун алып отурат. Башкы прокуратура «Вечерний Бишкек» басма үйүнө жана «Рубикон» рекламалык фирмасын рейдердик басып алуу боюнча кылмыш ишин козгоду. Басма үйдүн мурдагы ээси Александр Кимдин арызынын негизинде козголгон иш Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (Кызмат абалынан кыянат пайдалануу) жана 166-беренеси (Алдамчылык) менен каралууда.

Андан тышкары, компаниянын азыркы ээси Александр Рябушкиндин мүлкү камакка алынганы айтылууда. «Вечерний Бишкек» басылмасы боюнча иш Александр Кимдин арызына ылайык 14-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кайра каралат.

Булак: «Азия Ньюс» 

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу