«Вечерний Бишкектин» экс-директору Мурат Божокоев суракка чакырылды

«Вечерний Бишкек» басма үйүнүн айланасындагы иш боюнча басылманын мурдагы директору Мурат Божокоев суракка алынды. Бул тууралуу маалыматты Ички иштер министрлиги ырастады.

21-ноябрда «Вечерний Бишкек» басма үйүнүн кожоюну Александр Рябушкин кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Милициянын маалыматына ылайык, акционердин арызынын негизинде «Вечерний Бишкек» басма үйү текшерилип, жетекчилиги мыйзам бузганы аныкталган.

Такталгандай, 2016-жылы Бишкек шаардык соту «Вечерний Бишкек» басма үйүн, «Вечерний Бишкек» гезитинин редакциясын, vb.kg интернет-сайтын, «Жаңы агым” гезитинин редакциясын, «Рубикон» рекламалык фирмасын «аброюма шек келтирди» деген доогер Эркин Мамбеталиевдин пайдасына 1 млн. сом төлөп берүү жөнүндө чечим чыгарган. 2015-жылдын август айында Свердлов райондук соту «Вечерний Бишкек» басма үйүн Икрамжан Илмияновго 1 млн. сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

Тергөөнүн маалыматына караганда, 2016-жылы 21-октябрда «Вечерний Бишкек» басма үйүнүн директору Мурат Божокоев Александр Рябушкин менен кызмат абалындагы укугунан пайдаланып, Эркин Мамбеталиевге 1 млн. сомду акционерлердин кызыкчылыгына каршы аракет менен төлөп беришкен. Ошол эле күнү «Вечерний Бишкек» басма үйүнүн кассасынан чыгаша ордери менен Эркин Мамбеталиевге 1 млн. сомду накталай санап беришкен. Иштин материалдарында Мурат Божокоев менен Александр Рябушкин бул аракеттери менен компанияга материалдык ири зыян келтиришкени айтылат.

Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 173 («Алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу аркылуу мүлктүк зыян келтирүү») 221 («Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы») 350-беренелери («Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу») менен иш козголгон.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу