“Вечерканы” рейдерлик басып алуу боюнча кылмыш иши козголду: Башкы фигурант Фарид Ниязов болобу?

Башкы прокуратура “Вечерний Бишкек” басма үйүн жана “Рубикон” рекламалык фирмасын басып алуу боюнча кылмыш ишин козгогону маалым болду. Мындай маалыматты “Адилет” укуктук клиникасы таратты. Кылмыш иши “Вечерний Бишкек” басма үйүнүн мурдагы ээси Александр Кимдин жазган арызынын негизинде козголгон. Иш КР Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (Кызмат абалынан кыянат пайдалануу) жана 166-беренеси (Алдамчылык) боюнча каралат.

Эске сала кетсек, аталган басма үйү экс-президент А. Атамбаевдин доорунда соттук териштирүүлөр аркылуу А. Кимден тартылып алынып, А. Рябушкинге өткөрүлүп берилген. Андан сырткары Рябушкинге А. Ким 27 миллион сом төлөөгө да милдеттендирилген болчу.

Ошол эле убакта эле бул соттук териштирүүлөргө А. Атамбаевдин айлана-тегерегиндеги таасирдүү фигуралар аралашып жатканы көп айтылып келген. Алардын анабашында Фарид Ниязов тураары да белгилүү болчу.

А. Ким жетектеп турган убакта “Вечерний Бишкек” басылмасы А. Атамбаевдин жүргүзүп жаткан саясатын аздыр-көптүр сынга алып келген. Бул андан басма үйдү тартып алууга биринчи негиз болуп калган. Ошол эле убакта АШАнын маалыматтык-саясатын күчтөнтүү үчүн “Вечерний Бишкек” сыяктуу таасирдүү басылманын ролу жогору эле. Андыктан аны өз колуна алууну Фарид Ниязов туура көрсө керек.

Ошентип эми ошол убакта кызматтык абалынан пайдаланган Фарид мырза мыйзам алдында жооп бере турган учур келди окшойт. Баарынан дагы ага таянып “Вечерканын” 100% ээси болуп чыга келген Рябушкин “мүйүздүү болом деп кулагынан айрылганы” калганы чатак болууда. Али тактала элек маалыматтарга караганда анын мүлктөрү камакка алынган. Демек, Фаридди ээрчий коем деп Рябушкин мырза жылаңач кала турган болду окшойт.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу