«Вечерканын» айына 3 млн сом «чай пул» алып турган Ф. Ниязовдун чагымчылдыгы.

Кыргызстан деген мамлекетке деги эле күйүп-жангысы келбеген, өзүнүн гана жеке кызыкчылыгы үчүн ар кандай чагымчылдыкты уюштуруудан кайра тартпаган Фарид Ниязов аттуу эрен бар. Элибиз да аны жакшы таанып калышты. Өмүрүндө бизнес менен алектенген эмес, бирок эмнегедир 2010-жылдан кийин эле «ити чөп жеп» кетип, 40 гектар жердин ээси болуп чыга келген. Ал жер тилкелерине кандайча, кайдан жүрүп ээлик кылып калганы жана аларды кайсыл акчасына же канчага сатып алганы да белгисиз. Же мурда айыл чарба иштери менен шугулданып, орок оруп, кетмен чаап жүргөн болсо да жердин кайдан келгенин түшүнөт элек.

Убагында бул боюнча «Дело №» гезити абдан кеңири жазган. Анда Ф. Ниязов 2013-жылдан тарта гана декларация толтура баштаганы айтылат. Ага чейин ал жетишээрлик деңгээлде жогорку кызматтарды аркалап келсе дагы эч кандай декларация толтурган эмес. Мыйзамды уруп ойногон эмес.

Анын 2015-жылы толтурган декларациясында 816 миң сом бир жылда тапканы көрсөтүлгөн, бирок бир тыйын да сарптаган эмес. Декларациядагы «чыгымдар» деген графа толтурулбаган. Ошондо ал өзү жана үй-бүлөсүн эмне менен баккан? Жел оошконбу?

Анан ал декларациясында эски автоунаа, трактор, жүк контейнери, курулуш вагондору жана бир батирдин жарымысына ээлик кыларын көрсөткөн. Жарымысы кайсы бир жакын тууганына тиешелүү экенин белгилеген. Кыязы, ал аялы окшойт. Анан дагы 7 гектар, 9,6 гектар жана 3 гектар аятындагы үч айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү бар экенин белгилеген. Андан сырткары дагы бир 1,6 гектар жер тилкесинин 25%ына ээлик кылат экен.

Ал эми Ф. Ниязовдун «жакын тууганы» (аялы да) жогоруда белгиленген жарым батирден сырткары 108 чарчы метрлүү турак жайга жана жалпы аянты 19,12 гектар болгон 5 жер үлүшүнө жана 15 соток жер тилкесине ээлик кылат экен. Ошондо Ф. Ниязовдо жалпысынан 40 гектарга чукул жер тилкеси бар болуп атабы?

Эгерде ушул жер тилкелерин ал айыл чарба жумуштары менен алектенип жүрүп тапкан деп айталы десек, Ф. Ниязов өмүрү мындай жумуш кылган эмес. Ал бирде журналист, бирде чиновник болуп турган. 2010-жылдан кийин анын жылдызы чындап жанган. Адегенде Убактылуу өкмөттүн аппаратында маалыматтык-координациялык борборун жетектеген, андан кийин өткөөл мезгилдин президенти Р. Отунбаеванын аппаратында иштеген. 2011-жылы ал кездеги премьер-министр А. Атамбаевдин кеңешчиси болгон. Анан АША президент болгондон кийин анын кеңешчиси, аппарат жетекчиси болгонун билебиз. Мына ушундай кызматтарды аркалап жүрүп эле кантип 40 гектар жердин ээси болуп чыга келгени кызык. Же бул тууралуу өзү бир ооз ачып койбойт.

Андан сырткары Ф. Ниязов А. Атамбаевдин учурунда «Вечерний Бишкек» басма үйүн рейдерлик жол менен тартып алууга катышкан. Ал «эмгеги» үчүн аталган басма үйүнүн жаңы кожоюнунан айына 3 млн сом «чай пул» алып тураары белгилүү болгон.

Кыскача айтканда, мына ушундай таржымалы бар Фарид мырза учурда экс-президент А. Атамбаевдин маалыматтык саясатын жүргүзүп келет. Аны да жөн жүргүзбөй, элди түндүк-түштүккө бөлүү, мамлекеттин стабилдүүлүгүнө доо кетирүү максатында атайын чагымчылдыкты соцтүйүндөрдө «фейктери» аркылуу тымызын жүргүзүп атканы белгилүү. 7-апрель окуясына жамынган айрым балдарга каржат бөлүп элди бөлүп-жарууга түртүп жатат. Өзүнө караштуу маалымат булактары аркылуу атайылап өлкө ичинде терс маанай жаратуу аракетин көрүп келет. Себеби белгилүү, ал АША менен тагдыры байланып калган, анын аткарган баардык кыңыр иштери Ф. Ниязов аркылуу жасалып келген эмеспи.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу