Венера Маматалиева : «Стресстен улам боюуман козголуп балама бир нерсе болсо, апамдын ден-соолугуна залакасы тийсе, мыйзам алдында жооп беришет.»

Кечээ күнү эле «Соцсетте атасындай болгон түрктүн кучагындагы кыргыз кызынын сүрөтү кызуу талкууга түштү» аталышындагы макала  жарык көргөн эле(Булак chagylgan.kg сайты). Интернет айдыңында талкууга түшкөн айымыбыздын аты- жөнү Венера Маматалиева экендиги жана анын өмүрлүк жары чындап эле түрк улутунан болгону аныкталды. Баш кошкондоруна 2 айдын жүзү болуп, азыркы учурда түгөйлөр наристе күтүп жатышкан чагы экен. Интернет жана тааныштары аркылуу табышкан түгөйлөр биздин редакцияга маалыматты тактоо үчүн кайрылышкан.

-«Кечээ күнү конокко барганбыз. Ал жактан телефонум өчүп калгандыктан интернетке кирген эмесмин. Качан телефонумду күйгүзгөндө чалууларды, билдирүүлөрдү көрдүм. Баары тең «интернетке кирсен» деп билдирүү калтырышкан. Кирсем, мен жөнүндө акылга сыйбас нерселерди бирөөлөр интернетке жайып жиберишиптир.  Анталияда жашагандыктан сиздердин саат менен алтыда ал эми биздин саат менен түнкү үчтө гана уктадым.»Бул Орусияда иштеген проститутка» деген сөздөрдү окуп алып стресс болуп жаткан чагым. Мен го мейли менин кайын-журтум шок абалында, «кандай түшүнүгү жок адамдар, эмнеге бирөөнүн жашоосун билип-билбей талкууга алышат»- деп отурушат. Мен азыр 31 демин ал эми күйөөм 41де. «Атасындай болгон адам менен» деп да жазып калтырышкан экен. Андан Кудай сактасын. Жолдошум муну ким чыгарса да мыйзам алдында жооп берет деп, жаңы эле адвокатка барып келди. Азыр баарыныан коркконум апам. Ал Кыргызстанда, чалсам телефону өчүк, эгер бул жалган маалыматты окуган болсо кандай абалда болду экен деп сарсанаа болуп отурам. Апамдын кан басымы бар эле, коркконум апам болууда. Стресстен улам боюуман козголуп балама бир нерсе болсо, апамдын ден-соолугуна залакасы тийсе мен бул нерсени жөн калтырбайм. Алар мыйзам алдында жооп беришет.»- дейт Венера айым.

 

 

Венера айым жолдошу жана кайненеси менен.

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу