Венгриянын “Эксимбанкы” Кыргызстанга 65 млн. доллардык кредиттик линиясын ачат

Венгриянын “Эксимбанкы” Кыргызстанга 65 млн. доллардык кредиттик линиясын ачат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан 4-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков менен Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы жолугушуусунда билдирди. “Биздин бул аракетибиз Кыргызстан менен мындан аркы кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталат”, — дейт В.Орбан. Президент Сооронбай Жээнбеков ага ыраазчылык билдирип, аталган каражат Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду аркылуу жумшаларын белгиледи. Белгилей кетсек, 4-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга расмий визит менен келген Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолуккан. Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгы менен эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлиги ортосундагы туризм чөйрөсүндө кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумга кол коюшту. Президент Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен Кыргызстанга келген Виктор Орбан Түрк тилдүү мамлекеттердин саммитине, Көчмөндөр оюнунун ачылыш аземине жана Кырчындагы этно-шаарчадагы иш-чарага катышты.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу