Вашингтондон бизге дипломатиялык рангадагы гей-провокатор келеби?

АКШнын мамлекеттик департаменти биздин нервибизди кытыгылап көрүүнү чечти окшойт. Алар мындай тажрыйбаны бир нече жыл бою түрктөргө Стамбулда жасап келишкен.

Себеби АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишке ишенимдүү кишиси кылып жаңжалдуу окуялар менен белгилүү дипломат Чарльз Хантерди дайындады. Зериктирме түнөргөн карьералуу дипломат, эгерде бир жагдай болбосо. Хантер кызуу кандуу түрк эркектеринин өтө ашынган жактыруучусу.

Ал өз Мекенинин кызыкчылыгын коргогонго караганда, жогорудагыдай «касиети» менен көбүрөөк таанылган. Анын Стамбулдагы АКШнын генералдык консулу болуп иштеген бир нече жылдык ишиндеги башкы олжосу – жаш түрк жигит Рамадан Чайсевер менен демонстративдүү никеси болгон. Хантер Чайсеверге «турмушка чыккан».

Ооба, жаңылыш уккан жоксуз, «турмушка чыккан»! Америкалык консулдун пассивдүү дипломатиясы сексуалдык фронтто биринчи резултатын берген. Сексуалдык жактан «башкачалар» жана түрдүү «клубничкаларды» сүйүүчүлөр үчүн бир жыныстуу «үлпөт» Түркиядагы номур биринчи окуя болгон. Түрк бийлиги үчүн америкалык консулдун бул жаңжалдуу жүрүм-туруму бир гана баш оору алып келген, себеби бул «чувак» өзүнүн түрк «ойношун» расмий иш-чараларга да ээрчитип ала турган болгон.

Түрк бийлиги мындай уятсыздыкка дипломатиялык жол менен кандайча реакция жасаарын билбей абдырап калган. Өздөрүнүн үйлөнүү үлпөтүнүн ырым-жырымдары үчүн бир жыныстагы «сүйүшкөндөр» конокторду кабыл алышкан. Техастын же Канзастын кандайдыр бир жашоочусу мындай тандоону жактырбайт эле. Баардык чакырылгандар кокуй-жубайлардын колу коюлган чакыруу баракчаларын алышкан. Элестетип атасыздарбы, бизди эмне күтүп атат?

Эгерде биз мисалга Нооруз майрамында ошондой чакыруу алып калсак, биздин жердештердин реакциясын жадакалса божомолдогондон да корком. Биздин коомчулукту бүлүнтө турган, чоочун идеяларды таңуулай турган мындай океандын ары жагындагы «бакыттын» бизге эмне кереги бар? Анын баардык дипломатиясы салттуу эмес сексуалдык ориентациядагы адамдардын катышуусундагы түрдүү иш-чараларга катышуу менен жүргөн. Ал муну ачык эле канааттануу менен жасаган.

Дайыма биринчи катарга отурган, ал эми айрым учурларда алтургай атайылап түрк ТИМине бир нерсе болуп кетсе дипломатиялык статусунан пайдалана турганын эскертип турган. Ал өзүнүн күмөндүү сексуалдык ориентациясын мамлекеттик кызыкчылыктардан жогору койгон. Мындай дипломаттан биз эмнени күтүшүбүз керек? Океандын ары жагынан келген бул картаң консул менен сексуалдык баш кошууга баруу үчүн түрк Рамадан Чайсевер жадакалса диний ишенимин да алмаштырган. Айрым гезиттер анын христиан болбогонун жазышты.

Ал Хантер менен «баш кошкондон» кийин эле америкалык «жубайынын» хансарайына жашоо үчүн көчүп барган. Стамбулда христандардын чиркөөсү өтө көп эмес. Православие дининдеги гректик же армяндык чиркөөлөр, же католик чиркөөлөрү алардын «никесин» жактырып бериши мүмкүн эмес эле. Өздөрүнүн мамилесин документ түрүндө каттатуу үчүн «сүйүшкөндөр» Висконсинге учуп барышкан, ал жакта мындай каттоого уруксат берет. Хантер өзүнүн күмөндүү сексуалдык байланыштары менен Түркияда өтө чоң пиар-шоу жасоого аракет кылган. Бир нече күнгө ал мындайды жасай алган.

Бульвардык пресса дипломат жана музыканттын «сүйүү» мамилесин канааттануу менен чагылдырып турган. Хантер өзүнүн жүрүм-туруму менен Түркияда мындай «үлпөттөрдүн» толкуну болуп кетишине ишенген. Эми аны Бишкекке эксперимент кылуу үчүн жөнөтүүдө. Ал Кыргызстанда эмне менен активдүү алек болорун божомолдоо кыйын эмес. Мурдагыдай эле кызуу кандуу эркектерди издейт эмеспи. Мындай кырдаалдарда, адам укугун коргоо деген лозунг менен бир жыныстагы никелерди жана мамилелерди жайылтуу идеясын активдүү жылдырышат. Биздин коомдун уюткулуу уңгусуна доо кетирип, бир жыныстагы «никелер» кадимкидей эле көрүнүш сыяктуудай сиңирүү, андайларга каршы туруу адам укугун бузуу болуп калат дщегендей ишааратты жасоолор болот.

Бир жыныстагы үй-бүлөлөргө балдарды асырап алууга уруксат берүүнү көтөрүшөт. Шаарлардын көчөлөрүндө дырдай жылаңач веложарыштарды уюштурушат. Миллиондогон адекваттуу европалыктар жана америкалыктар мунун баарына чуулгандуу саясий сыпайычылык үчүн гана чыдоого аргасыз. Болгону эмнегедир ошол саясий сыпайычылык Мьянмадагы зордук-зомбулуктун толкунун эч кандай токтото албай койду. Бул азиат өлкөсүндөгү трагедиялуу окуялар Азиядан чыккандар жетектеген айрым БУУнун структураларынын гана кыжырын кайнатты.

Европада жана АКШда Мьянмадагы зордук-зомбулуктар өзгөчө деле көңүл бурулган жок. Бирок, Вашингтондо жана Брюсселде башка мамлекеттердеги бир нече гейлердин абалына кейигенден чарчашпай келет. Бизге ушундай адамдык касиетти жок кылууга багыт алган, бир жыныстуу «баш кошууларды» жайылтууну көздөгөн дипломаттын кереги барбы?

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу