Вазир жакшы — хан жакшы: Президентке талапкерлердин айымдары (фото)

Кыргызстандын жаңы президентин шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт. Учурда шайлоону уюштурууга даярдык көрүү иштери кызуу жүрүп жаткан убак. Ошондой эле, БШКдан күбөлүк алган талапкерлер 10-сентябрдан тарта үгүт иштерин башташты.
АКИпресс агенттиги Кыргызстандын келечектеги президенти болууга талапкер саясатчылардын түгөйлөрү жана алардын үй-бүлөсү жөнүндө маалыматтарды топтоду.

СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ

КСДП президенттикке талапкер кылып көрсөткөн Сооронбай Жээнбеков жубайы Айгүл менен 2 баланын ата-энеси. Кызы Бактыгүл Кыргыз-Орус славян университетинин студенти. 2016-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Атабек Абжалиевге турмушка чыккан. Учурда С.Жээнбековдун Алиаскар аттуу жээни бар.

Өмүрбек Бабанов

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун жубайы — Рита Бирбаева. Анын атасы Казахстанда аким болуп эмгектенген.
Ө.Бабановдун төрт баласы бар. Улуу кызы Айпери Бишкектеги № 61 мектепти аяктап, учурда чет мамлекеттердин биринде жогорку окуу жайда билим алып жатат. Ошондой эле, дагы эки баласы аталган мектепте окушат. Ал эми кичүү кызы 2 жашта.

Темир Сариев

Жубайы — Айжан Сариева. «Ак Шумкар» партиясынан талапкер болгон Т.Сариевдин бир уулу жана бир кызы бар. Баласы мектепте окуйт. Ал эми, кызы Айгерим «ГазпромНефтьАзия» компаниясында эмгектенген. Учурда жеке ишкерлик менен алектенет.

Адахан Мадумаров

Жубайы — Агилаш Мадумарова. «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан талапкер А.Мадумаровдун үч уулу бар.

Камчыбек Ташиев

Жубайы — Айгүл. «Ата Журт» партиясынан талапкер болгон К.Ташиевдин төрт баласы бар.

Бакыт Төрөбаев

Жубайы — Асел Төрөбаева жолдошунун бизнесин жетектейт.
«Өнүгүү-Прогресс» партиясынан талапкер болгон Б.Төрөбаевдин беш баласы бар. Улуу баласы Дастан мектепти аяктаган. Талапкер жубайынын сүрөтүн берген жок.

Токтайым Үмөталиева

Президенттик шайлоодо Токтайым Үмөталиева жеңсе, анда Кыргызстанда биринчи айым эмес биринчи мырза болот.
Жолдошу — Жунушбай, алардын Миргүл, Назгүл жана Бурул аттуу кыздары бар. Бурул — Бураш каймана аты менен эстрада ырчысы. Ал эми, Назгүл — эстрада ырчысы Максат Бегалиевдин жубайы.

Арсланбек Малиев

Жубайы — Анара. Жубайлардын 3 кызы жана Алекс аттуу уулу бар.

Жогорудагы сүрөттөрдүн айрымдары социалдык түйүндөрдөгү баракчалардан алынды. Айрым талапкерлердин үй-бүлөсүнүн сүрөттөрүн табууга мүмкүн болгон жок. Ал эми, айрым талапкерлер үй-бүлөсүнүн сүрөттөрүн жарыялоого каршы болду.

Булак: Турмуш

Аргумент.kg
Жооп калтыруу