Б.Төрөбаев «Сентябрь» телеканалынын жабылышы боюнча өз оюн билдирди

Оппозициялык маанайдагы «Сентябрь» телеканалынын негизсиз жабылышына Президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаев да өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу төмөндөгүдөй пикирин калтырды.

«Биринчи Май райондук сотунун «Сентябрь» телеканалынын көрсөтүүсүнө тыюу салышы негизсиз деп эсептейм. Соттун тез арада чыгырган чечими, мени тынчсыздандырды. Бул альтернативдүү маалымат булагын четке кагуу деп эсептейм. Өлкөбүздө акыркы калыптанып жаткан жагдай, көз карандысыз жалпыга маалыматтоо каражаттарына сот органдары тарабынан басым күчөп жатканы, мени абдан ойлондуруп жатат. ММК өкүлдөрүнүн жоопкерчилиги алардын мыйзам бузууларынын өлчөмүнө жараша болуп, алар иретке салынышы керек. «Сентябрь» телеканалы тарабынан мыйзам бузуу болсо дагы, сот аларды далилдеп, прокуратура доогерге жана коомчулукка мыйзам бузуунун  далилдерин сунушташ керек болчу. Азыркы окуя андай болгон жок, сот өзунүн чечимин бир саат ичинде чыгарууга жетишти. Президенттик шайлоонун алдында эң популярдуу жана оппозициялык каналдын жабылышы бул үгүттөө ишмердүүлүгүнө таасирин бере ала турган, саясий кадам.» 

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу