Бөлмө гүлдөрүнө кам көрүү…

Бөлмөнү кооз кылып, көркүн ачкан бөлмө гүлдөрү менен өсүмдүктөрү өзгөчө күтүмдү талап кылат. Ошондуктан аларды жумасына 1-2 жолу жылуу суу менен жууп туруш керек. Андан башка гүлдөрдү өстүрүү, кам көрүүнүн түрдүү ыкмалары бар. Сиздерге бөлмө гүлдөрүн кооз кылып өстүрүүгө арналган кээ бир кеңештерди сунуштамакчыбыз.

Бөлмө өсүмдүктөрүн боюна карай ирети менен коюштуруңуз. Ошондо алардын бардыгына аба менен жарык жетиштүү болуп, өсүүсү интенсивдүү болот.

Жай мезгилинде күндүн көзү гүлдөргө тик түшсө, куурап калбашы үчүн көлөкөгө коюш керек.

Гүл кооз болуп өсүүсү үчүн, ага куйган сууну бир күн мурун идишке куюп, бөлмө ичинде оозу ачык бойдон коюп коюу кажет.

Бөлмө гүлдөрүнүн түбүндөгү топуракты майдалап туруп суу куйса, ылдам өсүүсүнө таасир тийгизет.

Ар дайым кант салынган суу куюп туруу аркылуу бөлмө өсүмдүктөрүнүн түсүн жаңы бойдон жана куратып албай өстүрүүгө болот.

Эгер гүлдүн түбүндөгү топурак кургап, жарылып кетсе, өзөн боюндагы кумдан же бактын опилкасынан аз өлчөмдө кошот.

Эт жууган сууну сүзгүчтөн өткөрүп алып гүлгө куйса, өсүүсүнүн ылдамдыгы эки эсе артат.

Үй ичинде өскөн роза гүлдөрү жарыкты жакшы көргөндүктөн, өтө жарык, бирок көздүн көзү тик түшпөгөн жерде кармаш керек.

Бөлмөдө өскөн роза гүлүн жайында тез сугарып, топурагын нымдуу кылып кармоо кажет. Эгерде топурагында майда чиркейлер пайда болгонун байкасаңыз, суу куюнуу 5-6 күнгө токтотосуз.

Роза гүлдөрүнүн жалбырагын жумасына бир жолу күн баткан кезде жууп же сүртүп турат.

Кактус гүлүнө 2-3 жумада бир жолу гана суу куйган жакшы. Анткени бул өсүмдүк нымдуулукту жактырбайт.

Кактус эгилген идишти жай мезгилинде жыгач тактайчалары менен көлөкөлөйт. Себеби катуу ысыктан анын тамыры курап калат.

Кактус отургузулган идиш өтө чоң болбогону жакшы. Себеби идиштин түбундөгү топурак пайдалуулу минералдарды тез жоготуп тамырга зыян тийгизет.

Эгер узак убакыт үйдө болбой, гүлдөр кароосуз калып калса, анын чечими бар. Гүлдөрдү ваннага салып идиштердин жарымы батканча суу куюп, 40 мүнөткө коёсуз. Андан кийин идиштин сыртынан полиэтилен пакет кийгизесиз. Дагы бир чечим, ваннага гүл идиштери 4-5 см баткыдай суу куюп, гүлдөрдү салып, эшигин ачык бойдон калтырасыз.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу