Бөдөш Мамырова, экс-депутат: “Атамбаевдин Билдирүүсү «унчукпай койбой үн чыгарып койоюн» дегендей эле араң жан чыкты”

—Бөдөш айым, жакында эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Билдирүү таратты. Билдирүүнү Сиз кандай кабыл алдыңыз?

—Мурдагы президент Алмаз Атамбаев шакирттеринин кармалганы тууралуу эки күндөн кийин абдан ойлонуп атып билдирүү таратты. Өтө этият болуп, жараны тырмап албасам экен деген таризде.

Билдирүүсүндө «чыга турган сөз эле, чыгып кетти өзү эле» дегендей, канча деген дооматтар айтылып, дарегине айып койгондон карманып турганда деле чуулгандуу иштердин башында оөзү турганын  мойнуна алды.

Атамбаев бул билдирүүсү менен конституцияны одоно бузгандыгын коррупциялык схеманы туүзгөндүгүн жана бийликти узурпациялоону баштаганын териштирүүсүз эле ачыктап койду. Анткени Конституция боюнча чарбалык иштерге айрыкча инвестиция тартуу экономика жаатында  эл аралык келишимдерди ишке ашырууда кийлигишүүгө жол берилбейт. Бул өкмөттүн милдети жана түздөн-түз функциясы, мамлекет башчынын кийлигишүүсү Баш мыйзамдан чыгып кеткендик.

Ал эми аппарат башчынын кийлигишүүсүнө жол бергени коррупциялык иштерге аралашканын билип туруп, кызмат абалын улам жогорулатып андан да түздөн-түз коргоого алганы бул дагы өтө аша чапкандык жана коррупциялык схеманын калыптанганы. Бул Билдирүүдөн кийин ачык эле бийлик бутактарын бир колго топтоп башкаруунун жаны системасын ишке ашырып бир ууч санаалаштары менен каалагандай башкарууну уюштурууга багыт алганы даана билинди. Бул деген бийликти узурпациялоонун Атамбаевдик ыкмасы.

—Демек, Сиз канаатанган жоксуз…

—Атамбаев, өзү дагы кыйшык жолго түшкөнүн байкагандай, билдирүүсү коомчулук күткөндөй болбоду. «Унчукпай койбой үн чыгарып койоюн» дегендей эле араң жан, жети айлык төрөлгөн бөбөктөй добуш чыгарып койду. Демейде оозунан оргу-баргы чыгып кетчү төл сөздөрү деле жутулуп кеткендей жок. Кантсе да коргойм дедиби же коркуп кеттиби алдастап атып коррупциялык иштердин башында өзү турган чындыкты мойнуна алды.

—Андай ызы-чуулар чыгып кете турган болсо, Атамбаевдин “Эл Баатыры” наамы эмне болот?

—Эгерде тергөө тыкыр жүрүп, кылмыштын белгиси тастыкталып “мыйзам алдында катардагы жөнөкөй жарандан баштап мамлекет башчысына чейин бирдей жооп берет”, деген принцип менен күнөөлөнүп калса, кол тийбестиги бул жакта калсын “Эл Баатыры” наамы эмне болот болду экен. Чындыгында бул суроо абдан кызык. Наамды өзү тапшырабы же соттун  чечими менен алынабы? Мындай көрүнүш Кыргызстандын тарыхында болду бекен? – деген суроо жаралат. Аны Алмаз Шаршенович өзү билет.

—Рахмат.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу