Бөдөш Мамырова: “Асилбекти мандатынан Атамбаев дагы, жетим жүгүрүк Мискенбаев дагы ажырата албайт”

—Бөдөш айым, кечээ жакында эле Мээрбек Мискенбаев, Асылбек Жээнбеков тууралуу пикирин айтты. Мунун артында кимдир бирөө болушу мүмкүнбү?

—Асилбек Жээнбековго депутаттык мандатты жетим жүгүрүк Мискенбаев берген эмес тапшырсын деп талап койгонго акысы жок жана эч бир мыйзамга туура келбейт. Агасы президент болсо эл өкүлү болбош керек деген норма эч бир мыйзамда жазылган эмес, Конституцияга карама-каршы келбейт. Мыйзам жол бербеген ситуацияда “Мискенбайсыз” эле, Асылбек Жээнбеков спикерликтен өзү эле кетти го. Албетте бул Мискенбаевдин оозу менен айтылып атат, бирок артында аттан түшсөм да ээрден түшпөймүн деген, адамдын арманы жатат. Эл Сокеге добуш бергенде “Атамбаевдин айтканын ук Асилбек, депутаттан кетсин”, деп добуш берген эмес. Албетте “коркконго кош көрүнөт” дегендей, Асилбек саясатта бир топ такшалып калды үч жолку депутат, төрага катары тажырыйба топтоду. Өз алдынча пикири иш билгилиги экстин эсинен тандырып атканы турган иш. Анын үстүнө Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы жасаган кадамы тышкы саясаттагы орду, айрым кээ бир ордун таба албагандар үчүн күтүүсүз болду. Асилбекти мандатынан Атамбаев дагы, жетим жүгүрүк Мискенбаев дагы ажырата албайт, бир гана жол Парламентти таратып жиберүү жолу

—Рахмат.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу