Бөдөш Мамырова: «Азиз Суракматовдун Бишкек шаарынын мэрлигине туура тандоо «

—Учурда Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерди тандоо кызуу талкуу жүрүүдө. Талапкерлерден төбөсү көрүнгөн жигит катары Азиз Суракматов кызуу талкууга алынууда. Азиз Суракматов тууралуу саясатчы жана мурдагы депутат Бөдөш Мамырованы кепке тарттык…

—Бишкек шаардык мэрлигине Азиз Суракматовдун Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлиги көрсөтүлүп жатышы туура тандоо болду. Азиз Суракматов менен 5- чакырылышта парламентте 5 жыл бою чогуу иштешип көп бизнесмен депутаттардан өзгөчөлөнгөн жакшы жактарын байкаган инсан катары колдоого алаарлык туура тандалган талапкер деп эсептейм. Ашыкча жулунбаган абдан токтоо ар бир ишти ойлонуп натыйжасы менен жасаган мамлекеттик кызмат менен бизнести айрымалаган башкача айтканда аралаштырбаган барга көппөгөн жокко чөкпөгөн, токпейил убактысын текке кетирбеген эмгекчил адамгерчиликтүү жигит. Мурдагы шаардык кеңештин төрагасы катары шаардын чечилбеген маселелери инфрастуктурасы жөнүндө аны чечүүнүн жолдору боюнча дагы тажрыйбасы мол ошондуктан жакшы иштеп кетет деген ишеним бар. Эң негизгиси сугалак эмес колунда бар казынага кол салбай шаар үчүн шаардыктардын жаркын жашоосу үчүн иштейт болуш керек шайланып калса. Албетте маселени депутаттар чечет бирок пикир айтып коюу ар бир шаардыктын милдети ошондуктан мен дагы мурдагы кесиптеш катары оюумду ортого салдым. Ийгилик каалайм!

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу