Бүтүрүү кечесине көйнөктү кандай тандаш керек?

Мына мынтип мектепти да бүтүп жогорку класстардын бүтүрүү кечелери да өтүп жаткан учур. Ар бир бүтүрүүчү үчүн бул жашоосундагы өзгөчө учурларга толгон күндөрдүн бири болоору анык. Ушул күнү кыздар да өзүнүн башкалардан өзгөчө сулуу болгонду каалашат эмеспи. Чындап келсек, азыр дүкөндөрдө тойго арналган көйнөктөрдүн соодасы жүрүп жатат. Ошого байланыштуу бир нече кеңеш бере кетмекчибиз.

Алгач образыңыз кандай болот аныктап алыңыз. Бүтүрүү кечесинде өзүңүздүн ким болгонун каалайсыз? Назик кыз, ханыша, жөнөкөй сулуубу? Өзүңүздүн тилегиңизге, маанайыңызга байланыштуу кийим үлгүсүн тандаңыз!

Экинчиси каржы маселелси. Көңүлүндө миллиондун көйнөгү болгону менен аны чөнтөгүңүз көтөрө албашы мүмкүн. Ошол себептен алыңызга жараша аракет кылууңуз керек. Болгону өтө кымбат жана өзүңүзгө жарашыксыз көйнөк алып албаңыз. Көйнөктүн баасы эмес, анын сизге жарашканы маанилүү.

Үчүнчүдөн, көйнөктүн ажарын дагы ача түшүү үчүн аксессуарларды туура тандоо керек. Жарашыктуу туфли, сумка, зер буюмдарын табит менен тандалганы жакшы. Жаркырап көзгө көрүнгөнүн алуунун кереги жок. Мисалы, ачык түстөгү сумка алсаңыз, туфлини бир өңчөй өңдөгүсүн алыңыз, ал эми зер буюмдарды болушунча аз тагыңыз. Ал эми көйнөгүңүз мончоктордон тигилсе чынжырча менен сумканы такпасаңыз да болот.

Ал чач жасалгоосу менен макияжга келе турган болсок, азыр 80-жылдардагыдай башыңызга «мунара» жасатпаңыз. Болушунча табигый сулуулукту сактаңыз, тартымдуу көрүнөрүңүзгө күмөн жок.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу