Бүркүтү укпай койду…

 

  Бал тилдүү балалыгынан тартып эле кушка кызыгуусу күч болгон. Чоң мүнүшкөрлөрдүү көрүп кыялганган Азамат 14 жашында колуна бүркүт алып таптап баштады. Анча-мынча адамдарга караганда бүркүттүн жан дүйнөсүнө кирип суйлөшө аларын жашырбайт. Ал бүркүттү алгандан баштап эле анын тилин тапты. Биз аны экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда байкадык.17 жашында чемпион аталып, кыргыз алтынын санын бирге көбөйткөн. Албетте, бул оңой, олтоң келген нерсе эмес.

Алгач Салбуурун федерациясынын президенти Алмаз Акунов менен биргеликте иш алып бара баштаган.  Алмаз Акунов жаш мүнүшкөрдүн устаты. Көчмөндөр оюнуна жолдомо берилүүчү чоң сынакка кыргыздын мыкты мүнүшкөрлөрү менен бүркүттөрү ат салышты. Анын ичинен күчтүүсү Азаматтын Каракөз  аттуу бүркүтү суурулуп чыккан.

Даярдык абдан жакшы болду. Каракөз үчүн эч нерсесин аяган жок. Убакыт, маңдай тер, ак мээнет кетти. Анын тамактануусуна да көп көңүл бурулган. Бирок, “Мал ээсин тартпаса арам өлөт” дегендей мүнүшкөрүнө окшоп кыялы кармап калды. Андан да этең оюн болот деген күнү. Күчтүү атаандаштардан, элдин сүрүнөн корккон Азамат эмне кыларын билбей кыжаалат болду. Түнү бою көз ирмебей, билегине кондуруп, сылап отуруп таңды атырган. Кандай ыкма ылбасын бүркүтү укпай койду. Учкан кушту башкарыш өтө татаал иш эмеспи. Кыргызстанды уят кылам го деген ойлор жаш мүнушкөрдү басып алды. Кез келип Каракөз оюнга чыгар маал болду. Саналуу мүнөттөр  калганда өзүнө келе түштү. Демине дем кошулуп, намысы ойгонду окшойт. Бир да бүркүттү алдыга чыгарган жок. Мүнүшкөрдүн кылган аркетинин акы бети бүтүндөй кыргыз элине татыктуу болуп, экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр  оюнунда алтын медал тагынды.

Азамат муну менен чектелип калган жок. Көптөгөн Салбуурундарды байгелерди багындырып жүрөт. Күндөн күнгө тажрыйба топтоп, келечекте чоң мүнүшкөр  атыгат деп ишенебиз. Тилекке каршы быйылкы оюнга катытыша албай тургандыгын айтты. Анын себеби, Мекенге кызмат кылуу үчүн аскерге жөнөп жатат.

 Жакрынай Усенакунова

Аргумент.kg
Жооп калтыруу