БҮГҮН “ӨНҮГҮҮ-ПРОГРЕСС” ФРАКЦИЯСЫНЫН КУРУЛТАЙЫ ӨТҮҮДӨ

Бүгүн, 27-июнда Бишкекте  “Өнүгүү-Прогресс”  фракциясынын курултайы өтүүдө.

Курултайга  партиянын саясий кеӊешинин мүчөлөрү,  өлкө аймактарынан келген делегаттар ошондой эле массалык маалымат каражаттарынын  өкүлдөрү жана башкалар катышып жатат. Курултайда быйыл 15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого партия лидери Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги бектилилери күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, 19-июнда Бишкекте “Ак Шумкар” саясий партиясынын VII съезди өтүп, партия лидери Темир Сариевди президенттик шайлоого көрсөтүлгөн.

Учурда  президенттикке талапкерлердин бешөө  БШКнын каттоосунан өттү.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу