Бүгүн Өмүрбек Текебаевди онкологиялык борборго алып барышты

1-Август күнү Мамлекеттик кардиология борборуна жаткырылган ЖКнын экс – депутаты Өмүрбек Текебаев бүгүн онкологиялык борборго алынып келинген. Бул тууралуу анын жактоочусу билдирди.

Ал эми ал даарыланып жаткан мекемеден Текебаевди онкология бөлүмүнө бир катар анализдерди тапшыруу үчүн гана алынып барылганын жана азыр ал кайрадан кардиология борборунда экенин кабарлашкан.

Эртең Мамлекеттик кардиология борборунда консилиум чогулуп, анын мындан аркы даарылануу жолу такталат.

Эске салсак, Өмүрбек Текбаев 2017-жылдын 16-августтунда сегиз жылга эркинен ажыратылган.

Булак: Govori.tv

Аргумент.kg
Жооп калтыруу