Бүгүн шайлоо участогуна бара албаган жарандар добуш берүүдө

Бүгүн, 14-октябрда Кыргызстанда шайлоо участкасына барууга мүмкүнчүлүгү жок жарандар добуш берип жатышат.

Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдагандай, президенттик шайлоодо ар кандай себептер менен шайлоо участокторуна бара албай турган 22 миң 821 жаран арыз берген.

Мындай тизмеге ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, аскер кызматкерлери, убактылуу кармоочу жана тергөө абактарында кармалган жарандар киргизилген.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Бүгүн өлкөдө бардык үгүт иштери токтотулуп, «жымжырттык» өкүм сүрүүдө. Шалоодо 11 талапкер ат салышууда.

Булак: maralfm.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу