БҮГҮН ТАҢГА МААЛ ӨЗГӨНДӨ ЖЕР КӨЧКҮ ТҮШҮП, 24 АДАМ КӨЧКҮ АЛДЫНДА КАЛДЫ

Бүгүн, 29-апрель күнү, таңкы саат 07:00дөр чамасында Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айыл аймагынын Аюу айылында көлөмү болжол менен 1 млн метр куб болгон жер көчкү түшүп болжол менен 7 турак үйдү басып, кырсыктын кесепетинен алдын ала маалыматка ылайык, 24 адам жер көчкүнүн астында калган.

ӨКМдин маалымат кызматы билдиргендей, окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Кубатбек Бороновдун буйругу менен Өзгөчө кырдаалдар миристрдин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топ, ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынын башчысы, райондук бөлүм башчысы, ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 64 куткаруучу, ӨКМдин №53 өрт куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу, 2 КамАЗ, ӨКМдин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун көчмө башкаруу пункту жөнөп кетишти.

Кошумча маалымат берилет.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу