Бүгүн сотто судья Айбек Эрнис уулу Текебаевди тыям деп, Текебаевден катуу кагуу жеди.

Сотто бүгүн да Текебаев жарыш сөзүн улантты:

«Айыптоо корутундусунда «2010-жылдын 1-сентябрында Москвага Текебаев менен Маматкеримов чогуу учуп барган. Андан ары Маевскийдин машинасы менен чогуу кетишкен» деп жазылыптыр. Менин учактагы ордум «64-катар» деп көрсөтүлүп турат. Жардамчым менен жан сакчым менден кийинки катарларда отурушту. Маматкеримов болсо 131-орундукта отуруптур. Бул деген Маматкеримов менен бир максатта учпаганымды далилдейт. Москвага конгондон кийин мен Мамлекеттик Думага кеттим. Маматкеримовду көргөн эмесмин. Мени ошол күндөрү Маевский менен жолугуп акча сураган деп айыптап жатасыңар. Эгерде ал факты чын болсо ким күбө болуптур. Жок дегенде телефондук сүйлөшүүмдү таап ишке тиркеп койбойсуңарбы?! 6 жылдан бери далил таба албагандан кийин, демек, бул жалган», — деди Текебаев.

Ошол учурда сот Айбек Эрнис уулу «Текебаев, акырын сүйлөңүз!» деп тыйды.

Ага Текебаев «сиз мени жарыш сөздө тыя албайсыз. Мен өз укугумду коргоп жатам. Силер эмне, менин үнүмдү радио сыяктуу чоңойтуп, кичирейтип коём дейсиңерби?! Менин сүйлөгөнүм ушундай. Кеңешме бөлмөсүнө баргыча унчукпай мени угуңуз» деп ачууланды

Аргумент.kg
Жооп калтыруу