Бүгүн, 6-июнда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун иши боюнча соттук отурум болот.
Соттук отурум Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда каралмакчы.
Эскерте кетсек, Садыр Жапаров ушул жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан кармалып, УКМКга жеткирилген. Эртеси эле, 26-мартта ага карата “адам өмүрүнө коркунуч келтирүү”, “барымтага алуу”, “ээнбаштык”, “бийлик өкүлүнө күч колдонуу” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, ошол эле Биринчи Май райсоту тарабынан тергөө бүткүчө СИЗО- тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.
Булак: Каганат