Бүгүн Режеп Тайып Эрдоган Кыргыз өлкөсүнө расмий сапар менен келет.

Президент Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу боюнча 1-сентябрда Кыргыз өлкөсүнө Түркиянын өлкө башчысы Режеп Тайып Эрдоган расмий сапар менен келет.

Маалыматка караганда, Эрдоган 1-2-сентябрда Бишкектеги иш чараларда болуп, кийин III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана Чолпон-Ата шаарында өтчү Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын VI саммитине катышат.

Сапардын алкагында эки мамлекеттин башчылары Кыргыз-Түркия кызматташтыгынын абалына жана мындан ары карай аны тереңдетүүнүн келечегине байланыштуу маселелерди талкуулашат. Эки өлкөнүн башчылары ошондой эле эл аралык жана регионалдык күн тартибиндеги орчундуу маселелер боюнча да пикир алмашышат.

Мамлекеттер башчылары андан сырткары, Кыргыз-Түркия ортосундагы стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңештин IV отурумуна катышат.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө. Ошондой эле Жээнбеков менен Эрдоган басма сөз кызматкерлери үчүн билдирүү жасашат.

Режеп Тайып Эрдоган премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолугушат.

БУЛАК:super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу