БҮГҮН МИТИНГ БОЛОТ…

Бүгүн, 19-апрелде саат  10:00 Ак үйдүн алдына Садыр Жапаровдун жакындары тынчтык митингин өткөрөт. Мындай маалыматты  “Мекенчил” партиясынын төрайымы Назгүл Эшеналиева жарыялады.

“Аталган тынчтык митингине ак жоолукчан энелер келишет. Биздин максат, эки айга камакка алынгандарды камактан чыгаруу жана Садыр Жапаровду үй камагына бошотуп берүүнү бийликтен суранабыз.Мамлекет Садыр Жапаровдун алты санын аман камакка алган, эми тыкыр көзөмөлгө алсын”, — деп кошумчалады Назгүл Эшеналиева.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу