Бүгүн Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйыны болот

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында бүгүн, 13-августта Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйыны өткөрүлөт. 2018-2040-жылдары Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Стратегиясынын долбоору каралат. Ошондой эле 2018-2020-жылдары Кыргыз Республикасында шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн Стратегиясынын долбоору талкууланат. Биринчи маселе боюнча Улуттук кеңештин Катчылыгынын доклады угулат. Экинчи маселе боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы маалымат берет. Улуттук кенештин жыйынына мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлик бутактарынын жетекчилери, бейөкмөт уюмдарынын жана бизнестин өкүлдөрү, ошондой эле эксперттер менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү кеңири курамда катышат.

Булак: Argument.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу