Бүгүн Кадыр түн. Анын маанисин жана кандай өткөрүү керектигин билип алыӊыз

Жалпы мусулман мамлекеттеринде жыл сайын белгилене турган Кадыр түн бүгүн, 21-июндан 22-июнга караган түнү өткөрүлөт. Бул күн Мухаммед пайгамбарга Куран китеби түшүрүлгөн күн болуп эсептелинет. Мындан сырткары мусулмандар Кудайга тобо кылып, пенде андан ырайымын, кечиримин сураса, анын баары кабыл болчу түн экени айтылат.

Кадыр түндүн мааниси жана аны кандай өткөрүү керектиги тууралуу Кыргыз мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу SUPER.KG`ге берген маегинде төмөндөгүлөргө токтолду:

«Кадыр түндүн биринчи мааниси — бул кадимки кыргызча «кадыр», «кадырлуу инсан» дегендей эле кадырлуу түн дегенди билдирет. Ал эми кадырдын экинчи мааниси араб тилинен «тагдыр» дегенди түшүндүрөт. Үчүнчү мааниси — ошол эле араб тилинен «тардык» дегенди туюнтат. Эмне себептен? Анткени ушул Кадыр түнү периштелердин баары жерге түшүп, жер үстүнөн орун алып, батпай жер тарыйт экен. Мына ошондуктан адамдар ушул түнү Кудайга ибадат кылып, андан элине, жерине тынчтык, ынтымак сураш керек».

Ал эми бул түндү кандай тосуу керектиги тууралуу буларды билдирди:

«Кадыр түндү шаң кылып, музыка менен ырдап, бийлеп өткөрүүгө болбойт. Бирок үйдөбү, жумуштабы же жолдобу Кудайга кулчулук кылып өткөрө берсе болот. Сөзсүз мечитте өткөрүү шарт эмес. Ал эми дасторкон жаюуда, ар ким өз мүмкүнчүлүгүнө жараша жей турганын коё берсе болот».

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу