Бүгүн Жээнбеков мыкты бүтүрүүчүлөргө «Алтын сертификаттарды» тапшырат. Алардын катарында Бабановдун уулу бар.

Бүгүн, 3-июлда Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековжалпы республикалык тестирлөөдө жогорку упай алган бүтүрүүчүлөргө «Алтын сертификаттарды» тапшырат.

Нурэмир Бабанов атасы менен

Билим берүү жана илим министрлигинин тизмесине ылайык, эң жогорку баллдын ээси — Бишкектеги №70-мектеп-гимназиясынын окуучусу. Ал 237 балл менен сап башына чыккан. Андан кийинки катарда 232 балл менен Бишкектеги физика-математикалык багыттагы №61-мектептин окуучусу, 3-орунда ушул эле билим берүү мекемесинин окуучусу 231 балл менен жайгашкан.

2017-жылы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон Өмүрбек Бабановдунуулу Нурэмир Бабанов 224 балл алып, «Алтын сертификат» алчу бүтүрүүчүлөрдүн катарына кирген. Ал борбор калаадагы №61-мектепти бүтүргөн.

Аймак боюнча эсептегенде:

1. Бишкек шаары — 43 окуучу;

2. Ош облусу — 4 окуучу;

3. Ысык-Көл облусу — 3 окуучу;

3. Нарын облусу — 3 окуучу;

4. Талас облусу — 2 окуучу;

5. Баткен облусу — 1 окуучу;

5. Жалал-Абад облусу — 1 окуучу;

5. Чүй облусу — 1 окуучу;

Дагы бир окуучу мектебинин дарегин туура эмес көрсөткөн.

Айта кетсек, жалпысынан 45 миң 607 окуучу тест тапшырган, анын ичинен 29 миң 49 окуучу кыргыз тилинде, 16 миң 558 бүтүрүүчү орус тилинде тапшырган.

Окуучулардын алган орточо баллы бул жылы 119,4 болду, өткөн жылы бул көрсөткүч 117,8 болчу. 110 болгон босого баллдан өткөн окуучулардын саны 26 миң 180ди түзүп, алар өлкөдөгү окуу жайларга тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Жалпысынан алып караганда, тест тапшыргандардын 57 пайызы босого баллдан өткөн. Өлкө боюнча 119 тест борборлору иштеп, жыйынтыктарды эсептеп чыккан.

БУЛАК:super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу