БҮГҮН ЖЭЭНБЕКОВ КЫЗМАТЫН ТАПШЫРАТ

Бүгүн, 21-августта премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кызматынан кетет. Бул тууралуу ишенимдүү булактарыбыз билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн Жээнбеков президенттикке расмий катталат жана андан соң өкмөттө акыркы жыйынын өткөрөт. Президенттин Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетери тууралуу буйругуна түштөн кийин кол коюлары күтүлүүдө.

Эске сала кетсек, учурдагы өкмөт башчы КСДП партиясынан президенттикке талапкер болгон.

Айрымдар анын ордуна Сапар Исаков келерин айтышууда. Бирок буга КСДПнын ардагерлери жана Апрель баатырлары нааразычылыгын билдирип чыгышкан болчу.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу