БҮГҮН ЖОГОРКУ СОТ ТЕКЕБАЕВ МЕНЕН ЧОТОНОВДУН БАШ КОРГОО ЧАРАСЫ БОЮНЧА ЧЕЧИМДИ ЧЫГАРАТ

Бүгүн, 16-июнда  Жогорку сот Текебаев менен Чотоновдун баш коргоо чарасы боюнча чечимди чыгарат. Эске салсак, жактоочулар айыпталуучуларды үй камагына чыгарууну суранууда. Буга чейин алардын арызын Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык соттор канааттандырган эмес.

Эске салсак, Текебаев февраль айынын этегинде камакка алынган. Буга орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы “Мегаком” ишканасын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө бергени негиз болгон. Башкы прокуратура Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Дүйшөнкул Чотонов дагы “коррупция” беренеси боюнча айыпталууда.

Булак:Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу