БҮГҮН ЖАПАРОВДУН СОТУ БОЛОТ

Бүгүн, 10-июлда Садыр Жапаровдун соту уланат.

Отурум Биринчи Май райондук сотунда саат 14:00дө башталмакчы.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров ушул жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан кармалып, УКМКга жеткирилген. Эртеси эле, 26-мартта ага карата “адам өмүрүнө коркунуч келтирүү”, “барымтага алуу”, “ээнбаштык”, “бийлик өкүлүнө күч колдонуу” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, ошол эле Биринчи Май райсоту тергөө бүткүчө Жапаровду тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу