Бүгүн актёр Дүйшөн Байдөбөтовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болот.

Кыргыз эл артисти, белгилүү актёр Дүйшөн Байдөбөтов менен коштошуу зыйнаты бүгүн маркум туулуп-өскөн Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында өтөт.

69 жаштагы Дүйшөн Байдөбөтов 7-июлда узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайткан. Ал үч жыл мурда инсульт алып, дарыланып жүргөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков маркумдун үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлүп берди.

Дүйшөн Байдөбөтов калың элге Чыңгыз Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» чыгармасынын негизинде тартылган «Мен — Тянь-Шань» тасмасында Илиястын образы аркылуу таанылган.

БУЛАК:saat.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу