Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 11-майда түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө
түнкүсүн +11…+16
күндүз +23…+28
Талас өрөөнүндө
түнкүсүн +10…+15
күндүз +22…+27
Ош жана Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн +11…+16
күндүз +23…+28
Баткен облусунда
түнкүсүн +11…+16
күндүз +23…+28
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн +4…+9
күндүз +17…+22
Нарын облусунда
түнкүсүн +4…+9
Күндүз +18..+23
Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15 градус, күндүз +26…+28 градус болот.
Ал эми Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +26…+28 градус болот.
Булак:Каганат