Кыргызгидромет кызматы биллдиргендей, бүгүн, 29-июнда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз айрым тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө
түнкүсүн +13…+18
күндүз +25…+30
Талас өрөөнүндө
түнкүсүн +10..+15
күндүз +25…+30
Ош жана Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн +14…+19
күндүз +27…+32
Баткен облусунда
түнкүсүн +14…+19
күндүз +27…+32
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн +10…+15
күндүз +18…+23
Нарын облусунда
түнкүсүн +6…+11
Күндүз +16..+21
Бишкек жана Ош шаарларында түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн +16…+18 градус, күндүз +27…+29 градус болот.
Ал эми Ош шаарында абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +30…+32 градус болот.