Бүгүнкү антикытай митингинин уюштуруучусу табылды

Кытай компаниясынан 10% пайыздык өлчөмдө кирешеге ээлик кылган Кыргыз Республикасынын жараны Дайыров Бердибек “Кырк уруу кыргыз жети дубан” коомдук уюмунун жетекчиси  анти-кытай митингинин уюштуруучусу болуп чыкты. Аталган маалымат укук коргоо органдарындагы өздүк булактардан алынды.

Алсак, “Алтын Эмгекчил” ЖЧКга (компания ) берилген төмөнкү лицензиялары болгон:

— “Алтын Эмгекчил” ЖЧКга №3037 АП  2011-жылдын 11-октябрынан 2019-жылдын 21-июнуна чейин алтындар үчүн геологиялык-издөө иштерин жүргүзүү максатында Түштүкалтынтөр аянтынын жер кыртышын колдонуу укугу берилген. Геологиялык-издөө иштерин жүргүзүү үчүн  №4 лицензиялык макулдашуусу  2016-жылы 21-июнунда берилген.

-“Алтын Эмгекчил” ЖЧКга №3608 АП,  2014-жылдын 7-майынан 2019-жылдын 7-майына чейин колдонууга алтындар үчүн геологиялык-издөө иштерин жүргүзүү максатында  Көк-Мойнок аянтынын жер кыртышын колдонуу укугу берилген. Геологиялык-издөө иштерин жүргүзүү үчүн  №2 лицензиялык макулдашуу 2015-жылдын 16-июнунда берилген.

-Компаниянын негиздөөчүлөрү: КЭРдин жараны Джоу Жон Жун-90%, Кыргыз Республикасынын жараны Дайыров Бердибек-10%, юридикалык дареги: Бишкек шаары, Лермонтов к, үй-35/А, компаниянын жетекчиси-Джоу Жон Жун.

Кытай компаниясынан 10% пайыздык өлчөмдө кирешеге ээлик кылган Кыргыз Республикасынын жараны Дайыров Бердибек эл бул жөнүндө билбейт деп бүгүнкү күнү кытайларга каршы митинг уюштурганы суроо жаратат.  Улутчулдук идеялар менен саясий бийлик үчүн күрөшүү кадимкидей эле көрүнүш болуп калды.  Социалдык тармактарда 17-январь кунү кытай экспансиясына каршы митинге чыгууга чакырган маалыматтар тарагандыгын эскертебиз.

“Кырк уруу кыргыз жети дубан” коомдук уюмунун жетекчиси  Бердибек Дайиров дал өзү Бишкек шаардык мэриясына митинг өткөрүү тууралуу маалымдама жөнөткөндүгүн эскертебиз. Аталган маалымат укук коргоо органдарындагы өздүк булактардан алынды.

Калк болсо “Элдик коошундар уюмунун төрагасы Тариэль Искаковдун позициясын  колдоодо. Ал жаштарды саясатчылардын колунда курал болуп калбоолоруна чакырууда.

“Биз баардык жарандарга жана өзгөчө жаштарга кайрылуу менен чагымчыл чакырыктарга азгырылбай, жаман ойлуу саясатчылардын куралына айланып, алардын саясий оюндарына катышпоого чакырабыз”, — деп “Элдик коошундар” уюмунун башчысы билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу