БҮГҮН,А. ШЫКМАМАТОВДУН СОТУ БОЛОТ.

Бүгүн, 24-майда Жогорку Кеӊештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовго ачылган кылмыш иши боюнча сот жыйыны  өтөт.   Соттук отурум судья Айбек  Эрнис уулунун төрагалыгы астында саат 10:00дө башталат.

Эске салсак, Шыкмаматовго карата Кылмыш кодексинин “коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши  козголгон.

Депутат 2011-жылы Эсептөө палатасынын аудитору болуп турган кезде өз аялына таандык «Мерседес-Бенц» Е320 үлгүсүндөгү автоунаасын 14 600 долларга тендер аркылуу Эсептөө палатасына сатып алууга аралашкан деп айыпталууда.

Ал учурда бул унаанын базар баасы 10 миң доллар гана болгонун белгилешкен укук коргоо органдары.

Шыкмаматов болсо күнөөсү жок экенин айтып келет.

Булак:Каганат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу