Быйыл «КМШ сулуусу» Астана шаарында тандалат

Сулуулар жарышында 16 мамлекеттен келген 25 кыз ат салышат.

Быйыл «КМШ сулуусу» эл аралык сынагы Астана шаарында өтөрүн Спутник Казакстан агенттиги жазып чыкты.

Эң сулуу кызды 17синен 27-июлга чейин тандашат. Бул сынактын максаты — Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөр арасындагы ынтымакты жана туризм жаатындагы байланышты күчөтүү.

Сулуулар жарышында 16 мамлекеттен келген 25 кыз ат салышат.

Финалга 10 күн калганда Астана шаарына барган сулуулар жергиликтүү каада-салт менен таанышып, казак меймандостугуна күбө болот.

Былтыр аталган сынак Армениянын борбору Ереван шаарында өтүп, Кыргызстан атынан катышкан Айсулуу Абдыбакасова эн акылдуу катышуучу депр табылган.

Булак:sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу