БЫЙЫЛ ДЕН СООЛУГУНУН МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН 157 АДАМ ИШКЕ ОРНОШКОН

2017-жылы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга (ДМЧА) республикада бекитилген квотанын саны 690 жумуш орунду түзгөн, алардын ичинен: Бишкек шаары – 168; Баткен облусу – 79; Чуй облусу – 28; Талас облусу – 119; Нарын облусу – 18; Ош облусу – 18; Жалал-Абад облусу – 139; Ысык-Көл облусу – 43; Ош шаары – 34. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.

Бүгүнкү күндө Министрликтин аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүндө 449 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар каттоодо турат, анын ичинен 206сы аялдар.

Иш менен камсыз кылуу кызматынын жардамы менен 157 ДМЧА ишке орноштурулган, анын ичинен квоталанган орундарга – 97 ДМЧА кирген, бул көрсөткүч жылдык квотанын 14% түзөт.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу