Быйыл бир катар мектептер жаңы билим берүү системасы менен иштейт

Быйыл 1-сентябрынан тартып республикадагы бир катар мектептер билим берүүнүн жаңы системасын тестирлөөнү баштайт. Бул тууралуу августтагы педагогикалык кеңештин жүрүшүндө билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирген.

«2015-жылы өлкөдө биринчи ирет билим берүүнүн жаңы стандарттары бекитилген. Ага ылайык, 33 жаңы окуу куралдары иштелип чыккан. 1-сентябрдан тартып, бир катар пилоттук мектептер жаңы системага өтүшөт. 2017-2018-окуу жылынын жыйынтыгы менен жаңы системанын кемчиликтери жана күчтүү жактары белгилүү болот. Андан соң гана бул программаны массалык түрдө ишке киргизебиз»,— деди Гүлмира Кудайбердиева.

Жаңы программа менен мугалимдерди тааныштыруу максатында Чолпон-Атада бардык облустардагы билим берүүнүн кызматкерлеринин, жетекчилердин катышуусунда «Кыргызстандын мектеби: Жаңы чечимдер жана келечек» аттуу педагогикалык кеңеш уюштурулган. Бардык катышуучуларга жаңы программаны практика жүзүндө ишке ашырууга багытталган куралдар тапшырылды.

Жаңы системага ылайык, мектептерде англис тилин окутууга өзгөчө көңүл бөлүнүп, сааты көбөйтүлөт. Ал эми информатика сабагы 5-класстан, ошондой эле, орус, өзбек, тажик мектептеринде кыргыз тилин чет тили катары окутуу программасы ишке ашат.

 Булак: maralfm.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу