Бүгүн, 20-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +16…+21, күндүз +25…+30;
Талас аймагында түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29;
Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +30…+35;
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +13…+18, күндүз +21…+26;
Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +27…+29 градус ысык болот.
Ал эми 21-22-июнда кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Булак: zaman.kg