БШК ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВГЕ БАЙЛАНЫШТУУ АБАЛДЫ ТҮШҮНДҮРДҮ

Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевдин президенттикке талапкерлигин койгондугу боюнча түшүндүрмө берди.

Маалыматта “Ата Мекен” партиясынын лидери өзүн-өзү талапкер катары көрсөтүүгө укуктуу экени жазылган. Ошондой эле арыз БШКнын жумушчу тобуна документтерди текшерүүгө берилгени кабарланды.

“Каттоо үчүн ал бир катар документтерди көрсөтүүсү керек: кол коюлган кагаздар, мамлекеттик тилди биле тургандыгы боюнча сертификат, шайлоо күрөөсүн төккөнү тууралуу маалымдама”,-деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле эгерде сот өкүмү чыгып, ал күчүнө кирсе, ал эми талапкер катталып калган болсо, ал каттоо боюнча президенттик шайлоо тууралуу мыйзам нормаларына ылайык иштер жүргүзүлөрү белгилүү болду.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу