БШК шайлоо комиссияларын окута турган тренерлерди даярдады

Борбордук шайлоо комиссиясы IFES  же Шайлоо системасы боюнча эл аралык фонду менен биргеликте аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутууну аяктады.

БШК билдиргендей, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутууда конкурстук жол менен шайлоо укугу чөйрөсүндө тренинг өткөрүү тажрыйбасы бар 90дон ашуун тренер тандалып алынган.

Окутуу иштери 7-августтан 11-августка чейин өлкөнүн 54 аймактык шайлоо комиссияларында өткөрүлүп, бардыгы болуп 640 адам окутулган.

Азыркы учурда  участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуу иштери жүрүүдө. Кыргызстанда 2375 шайлоо участкалары түзүлүп, аларда 23 минден ашуун адам иштемекчи.

Кошумчалай кетсек, тренингдин программасында «КР жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо” жөнүндө мыйзамындагы өзгөртүүлөргө талдоо жүргүзүү жана окуп үйрөнүү;  шайлоочулардын биометрикалык маалыматтары боюнча идентификация формасы, автоматтык саноо урнасынын добуштарды саноодогу жыйынтыгы тууралуу протоколду сканерден өткөрүү жана жөнөтүү, шайлоо комиссиясынын этап боюнча ишмердиги, ошондой эле шайлоочулардын тизмелери, шайлоо бюллетендери менен иштөө боюнча темалар бар.

 Булак: maralfm.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу