БШК Ташиевдин талапкерликке каттоосун жокко чыгарды

Бүгүн, 2017-жылдын 26-сентябрында КР БШК жыйынында Кыргыз Республикасынын
Президенти кызматына талапкер К.Ташиевдин каттоосун жокко чыгаруу тууралуу токтом
кабыл алынды. Бул туурасында комиссиянын басма сөз кызматы билдирет.
К.Ташиевге берилген Күбөлүк (КР БШКнын 2017-жылдын 5-сентябрындагы № 408-
токтому менен бекитилген)  күчүн жоготту деп табылды.
Ошондой эле, Тиркемеге ылайык К.Ташиевдин шайлоо жана каржы маселеси боюнча
ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн  ыйгарым укуктары токтотулду.
К.Ташиевдин Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлигин алып
салуу тууралуу арызы Борбордук шайлоо комиссиясына 2017-жылдын 25-сентябрында
келип түшкөн.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу