БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиевге дипломатиялык наам мыйзамсыз берилген

БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиевге дипломатиялык наам мыйзамсыз берилген. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ТИМдин Дипломатиялык академиясынын мурунку проректору Кайрат Осмоналиевден «экинчи класстагы кеңешчи» дипломатиялык наамын алып салуу тууралуу буйрук чыкты. Аталган наам ТИМде жана чет өлкөлүк мекемелерде дипломатиялык кызматтарда бир канча жыл иштеген эмгеги, квалификациясы үчүн берилиши керек. Мамлекеттик кызматтар реестринде проректор кызматы көрсөтүлгөн эмес.

Буга чейин Кайрат Осмоналиев ТИМ менен соттошом деп билдирүү жасаган.

Булак: 24.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу