БШК Атамбаевдин президенттик мөөнөтү кайсы күнү бүтөрүн билбейт

Президенттик шайлоо күнү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы билдирүү жасады. БШК мурдагыдай эле «президенттик шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрында өтүшү керек» деген пикирин кайталап, Конституциянын талабынан мурун Шайлоо жөнүндө мыйзамдын «президенттик шайлоо иштеп жаткан президенттин мөөнөтү аяктоочу айдын 3-жекшембисинде өтөт» деген нормасын бетке кармоодо. Азыркы президенттин мөөнөтү Конституция боюнча 2017-жылдын 1-декабрында аягына чыгарын айтпай, 2017-жылы бүтөт деп жалпы атап тим болду.

Жогорку Кеӊештеги коалициялык көпчүлүк көптүгүнө салып президенттик шайлоону 2017-жылдын 19-ноябрына дайындашы мүмкүн. Мындай шартта жаӊы шайланган ажонун кызматка киришүүсүнө 12 гана күн калат. Бул аралыкта БШК добуштарды санап, расмий жыйынтыкты жарыялап, жаӊы президент ант берүүгө үлгүрүшү керек, эгер Конституциянын нормасы бузулбасын десе. Экс-депутат, юрист Чолпон Жакупова президенттик шайлоо Конституциянын негизинде өтүшү керектигин айтып «ата мекенчилерди» колдоду. Кыска убакыттын ичинде шайлоонун жыйынтыгын жарыялап, ант берип, кызматка киришүү мындан 8 жыл илгери болгон. 2009-жылдын 23-июлунда Кыргыз жеринде президенттик шайлоо өтүп, Курманбек Бакиев экинчи мөөнөткө шайланган. Бакиевдин инаугурациясы 3-августта өтүп, Өкмөт үйүндө президент ант берип ишке киришкен. Бирок жыл айланбай ал кызматтан куулган. «Ата Мекендин» депутаты Алмамбет Шыкмаматов президенттик шайлоонун легитимдүүлүгүн камсыздоо зарыл дейт. «Бийлик кааласа шайлоонун жыйынтыгын 1 күндө чыгарып, жаӊы президент кызматына киришип калышы мүмкүн. Ооба, убагында Бакиев шайлоодон кийин 1 аптанын ичинде кызматка киришкен. Бирок эсибизден чыгарбайлы, Бакиев ошол үчүн бүгүн өлкөдө эмес», — дейт ал. Бүгүн БШКнын мүчөлөрү да «мыйзамдардан Конституция жогору турат» дегенди ачык айта албай жатышат. Жарандык коомдун пикири эртеӊ билинет. Бишкекте эксперттер «Президенттик шайлоо качан өтүшү керек? Августтабы же ноябрдабы?» Ушундай темада талкуу уюштурууда..
Булак: Супер.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу