БШКнын «шайлоочулар» базасын сатып алган кайсы саясатчы?

Былтыр президенттик шайлоо кампаниясы кайнап турган маалдла, тактап айтканда мындан туура бир жыл мурда, так ушул август айында бир кыӊыр иш болгону эми гана билинип отурат. Көрсө, БШК мүчөлөрү ажо болом деп аламан байгеге чыккандардын акчасын пайдаланып калууну көздөшүп, БШК базасындагы шайлоочулар тууралуу маалыматтарды кызылдай эле сатып акчага маарышкан экен. Тактап айтканда БШКнын кайсы бир мүчөсү президент болом деп чамынып чыккан кандидаттардын бирине кайрылып, италия мафиоздору айткандай «жок деп баш тарта албай турган сунуш» берген экен. Тиги талапкер да мындай олжону көргөндө ажонун тактысы көзүнөн учкан өӊдөнөт, дароо макул болуп бир канча миӊ доллар бергени белгилүү болуп отурат.

Айтмакчы, тиги эпчил БШК мүчөсү кийин да шайлоо кампаниясы кайнап турган мезгилде маал-маал менен тиги «заказчигине» БШКнын шайлоо өнөктүгү боюнча кылып жаткан иштери тууралуу төкпөй-чачпай кенен-кесири маалымат ьерип турганы айтылууда. Өлкөбүздө бир эмес, эки ирээт так ушул шайлоонун шайтан оюндарынан улам революциялык жол менен бйилик алмашкандыгын эске алсак, айрым аткаминерлер ал окуялардан сабак албай, шайлоодон «шабашке» жасап жүргөндөрүнө жол болсун. Бул маалымат ооздон оозго өтүп, бизге чейин жетип жатканына караганда, укук коргоо органдары деле мындан кабардар болсо керек. Анда неге чара көрүлбөй жатат? БШКнын «шайлоочулар» базасын сатып алган ал кайсы саясатчы? Же жакын арада дагы бир саясатчы сөрөйдүн колуна кишен салынып калуусу мүмкүнбү?

Аргумент.kg
Жооп калтыруу