Бухарадан Түркия өкмөтүнө жөнөтүлгөн 100 миллион алтын рублдун 90 миллионун ким алган?

Бул жылы Түркиянын радио жана телевидение Жогорку Кеңешинин конференциясынын темасы “Туркиянын көз карандысыздык күрөшүндө медиа” темасында эле. Мен Кыргызстандын, Түркистандын бул согушка жардамдары жана колдоолору боюнча макала жазууну чечтим. Изилдеп атып өтө кызыктуу маалыматтарга туш болдум. Бир чети суктандым, сыймыктандым. Макаламды түркчө жазып, конференцияда сунуп коюп тынч эле жүрөйүн дедим. Бирок, тынчтана албадым. Айтышым керек эле… Көрсө Ата түрк 1920-жылдын 26-апрелинде Мажилистин ачылышынан 3 күндөн кийин эле Советтер Союзуна жардам сурап кайрылат. Курал-жарак, аскердик буюмдарды акча сураптыр. Анан жазган катына жооп күтпөй эле 11-майда Россияга элчи жөнөтөт. Советтер Союзу суроону канааттандырып, 1920-жылдан баштап Анкара өкмөтүнө согуш курал-жарактарын жөнөтөт.

Акчалай жардамдар мындай болот: 1920-жылы 3.066.800 даана алтын рубль жана 100.000 даана Осмон империясынын маркасындагы алтын, 1921- жылы 9.800.000 даана алтын рубль, 1922-жылы 4.600.000 даана алтын рубль Советтер Союзунун жардамы деп айтылып келген бул акчалар чынында Бухара эмирлигинин акчалары экендиги кийин билинген.

Бухара Республикасынын биринчи жана акыркы президенти Осман Хожаев Советтер Союзунун жардамын 1972-жылы Жакын Тарыхыбыз журналына минтип айтып берген: Ленинди таң калтырдык, парламент бир добуштан алкыштар менен колдоп берди. 1920-жылы Бухара Республикасы курулгандан кийин мен биринчи президент катары жаныма ыраматылык Файзулла Хожаевди алып Советтер Союзунун чоңдору менен, Ленин менен да көрүшүү үчүн Москвага бардык. Бизден мурдараак эле июнь айларында Түркиядагы элдик кыймылдын өкүлдөрү Бакир Сами мырза баштаган өкүлдөрдүн Москвага Ленин, Чичерин, Карахан менен жолугушкандыгын, жардам сурап кайрылышканын билдик. Кремлде Ленин менен жолугуштук. Ал Түркиянын маанилүүлүгүн айтып сөз баштады. Анкарадан Түрк өкүлдөрү келишти. Ал-абалдарын айтышып, тез арада жардам беришибизди сурады. Бул темада сиздин оюңуз кандай?- деди.

Мен эч ойлонбостон: “Албетте жардам берүү керек….жана убакытты созбой жардам беришибиз зарыл” дедим. Ал да ансыз деле жардам берүү чечиминде экендигин, бирок кээ бир тоскоолдуктар бар экенин билдирип: “Жардам боюнча бизди ойлондурган 2 маселе бар”- деди. Биринчиси Түрктөр сураган алтын акча бизде өтө аз” дегенде сөзүн бөлдүм. “Бизде алтын акчалар бар. Бере алабыз” дедим. Ленин сөзүмдү жактыргансып башын ийкеп туруп сөзүн улантты. “Экинчиси жол маселеси.

Себеби Түрктөргө бир гана акча эмес, түрдүү согуш курал-жарактары да жөнөтүшүбүз керек. Коопсуз түрдө Анкарага жеткире турган жол керек. Кавказдагы абалдын айынан жол жабык. Качан ачылат белгисиз” деди. Бул темада мен да анын оюна кошулаарымды билдирип минтип жооп бердим: “Кавказда курулган Республикалар менен түшүнүшсөк болот. Бул аймактарда мусулмандар басымдуу. Грузиндер да өз кызыкчылыктары үчүн мусулмандарга жакын. Армяндар деле…Аракет кылса орток жол табуу мүмкүнчүлүгү бар” дедим. Айрыкча акчанын санын саноо керек болчу. Муну адистер карап чыксын дедик да, биздин Тышкы Иштер министри Файзулла Хожаев менен Орус адистер баштаган атайын топко тапшырдык. Алар жардамдын акчалай эсебин эң аз жүз миллион рубль алтын болушу керектигин билдиришти. Кайрадан Ленин менен көрүштүк Ленин бул жолугушууда да сөздү кайра акча темасына алып келип, канча акча бере аласыңар деп сурады. Жүз миллион рубль дедим.

Ленин кайталады: ‘Жүз миллион рублбу?’ “-Ооба, тез арада бере алабыз!” дедим. Орус империясы доорунан калган алтындарыбыз көп болчу. Бухара казынасындагы бул акчага орустар колун тийгизчү эмес. Бухара Россия Империясынын карамагында экенине карабай, ички саясатта жана финансылык иштерде көз карандысыз болчу. (Жакын Тарыхыбыз, 1.том .292-293)

Ленин менен ушинтип келишип, Бухарага кайтышат. Акчалай жардам маселесин мажилиске алып чыгат. Бухаранын калкы ал учурда 4,5 миллион болчу. Бухара парламенти Түркияга 100 миллион алтын рубль жардамды бир да каршы добуш каршы чыкпай, бир добуштан колдоп алкыш жана мактоолор менен кабыл алышат. Парламенттин бул чечиминин эртесинде дароо керектүү даярдыктарды жасап, акчаны Анкарага жеткиргиле деп Орустардын казынасына өткөрүп беришет. “Бул окуяны Түрк аскери Ражы Чакыргөз да эскерет. 1-дүйнөлүк согушта орустарга туткунга түшүп, алардан качып Түркистанга келип Ташкентте мугалим болуп иштеп калган Ражы Чакыргөз “Падышачылык жана Большевик Россияда 10 жыл” аттуу эскерүүсүндө Советтер Союзунун жардамы деп билинген жардам боюнча төмөнкүлөрдү жазат. “Мен Ташкентте экенимде Бухара убактылуу өкмөтүнүн көз карандысыздык үчүн күрөшүп жаткан Анкара өкмөтү үчүн акчалай жардам жөнөткөнү жөнүндө кабар алдым. Бул жардам тилекке каршы биздин гезиттерде орустардын жардамы деп жазылыптыр. Ошол эле учурда тиешелүү адамдар бул окуянын чыныгы жүзүн айтып чыгышпаптыр. Түркияга бул жардамдын жөнөтүлүүсүндө чоң роль ойногон Осман Хожаев болчу.

Осман Хожаев 1921-жылы жарыяланган Бухара Республикасында президенттик кызматта болчу. 1923-жылы Афганистанга жана андан ары Түркияга барыптыр. 1968-жылдын 28-июлунда Стамбулда каза болду” Кийин алынган маалыматтар боюнча Бухара өкмөтүнүн Орустар аркылуу Түрк туугандары үчүн жөнөткөн 100 миллион алтындын 10 миллиону гана Анкара өкмөтүнө жетиптир. Калган 90 миллион алтын да Кремлде жоголгон. Ким алган болушу мүмкүн? Азырга чейин белгисиз. Бул окуядан ала турган сабагыбыз: ата-бабаларыбыздын бир туугандык руху бизде калдыбы? Казынабызда 100 миллион даана алтын монетабыз болсо эмне кылмакпыз же кимге бермекпиз азыр?

Гиза Маматкулова, Түркия

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу