Бут кийимден жагымсыз жытты кетирүүнүн ыкмалары…

1) Түнкүсүн бут кийимиңизге бирден аш кашык сода сээп коюңуз. Эртең менен ичин тазалап кийип кете бересиз.

2) Эгер сиз бутуңуздун тез тердей бергенин байкасаңыз, кечкисин бут кийимге 2 аш кашык тальк сээп коюңуз. Эртең менен дал ушул тальк менен өзүңүздүн таманыңызда да сүртүңүз, ал эми бут кийимдеги талькты силкип, күбүңүз. Бир нече күндүн ичинде жакшы өзгөрүүнү байкайсыз.

3) Күчөп кеткен учурда дарыканадан «5 күн» (5 дней) деп аталган атайы порошокту сатып алыңыз. Анын курамында бактерияга каршы кошулмалар бар жана ал да бут кийимге кечкисин себилет. Эртеси аны тазалоонун кереги жок, ал көп байкалбайт. Бул курал беш күн ичинде каттуу жагымсыз жыттардын жоюлушуна жардам берет.

4) Өтүктөр менен күзгү ботинкалар үчүн лаванда менен шалфейдин кургатылган жалбырактарын да колдонуп көрүңүз. Алар жытты жок кылып жана микробго каршы касиетке ээ. Аларды бут кийимдин ичине салып, желдетип коюш керек (мисалы балконго).

5) Жыт жана бактерия менен лимондун, чай багынын жана арчанын эфир майлары жакшы күрөшө алат. Кичине тамчыны бут кийимдин таманына, ал эми бир-эки тамчыны уктардын алдында жуулган бутуңузга тамызып коюңуз.

Бут кийимдин жыты мындан кийин чыкпаш үчүн, ага колдун келишинче желдетип туруш керек экенин унутпаңыз. Бир күн ичинде бут кийимди алмаштырып турууга аракет кылыңыз, бир бут кийимди күндө кийбеңиз. Убакытында жууп, батегин алмаштырыныз. Ошондой эле, антибактериалдуу батекти сатып алып, стандарттуу батектин үчтүнө койсоңуз да болот.

БУЛАК:.zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу